• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Анвар Артыков: Министрдин биринчилерден болуп вакцина алышы пиар

31 Жалган куран 2021 13:23 Бишкек Govori.TV

Министрдин биринчилерден болуп вакцина алышы пиар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков билдирди.

«Мен Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы боюнча толук маалымат ала элекмин. Ошол себептен кандайдыр бир шек бар, алайын деген оюм жок. Негизинен коронавирус илдетине каршы эффективдүү вакцина болсо алган туура. Эсиңиңерде болсо убагында «Кумтөрдө» унаа цианид сууга түшүп кеткен. Ошондо биздин министрлердин бири сууга түшүп, а түгүл суу алып ичкен. Министрдин биринчилерден болуп вакцина алышы ошол сыяктуу пиар болсо керек»,-деди Артыков.

Белгилей кетсек, 29-марттан тарта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Количество просмотров: 170