• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

5 Бугу 202113:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан изоляцияда калбашы үчүн жарандар коронавируска каршы вакцина эмдөөдөн өтүшү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасаган учурда билдирди.

«Элди эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шартында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат», — деди Жапаров.

Өлкөдө Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 33 миңден ашуун киши вакцина алды.

Количество просмотров: 99