• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

19 Аяк оона 202113:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Бүгүн Кыргызстанда 69 адамда COVID-19 оорусу катталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар», — жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 181