Ооруканада жаткан ырчы Анжелика Кайратова эки айга чейин басууга тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазды.
«Кутман таң! Ар бир таң Кудайдын баа жеткис чоң белеги. Кыздарым ойгонду, баары жанымда. Болгону бизге эми эки айга чейин басканга болбойт. Айымамды операцияга даярдап башташты. Эртен жума күнү операциясы болот. Жума намазга барсаңыз, же үйдөн дуа кылып коюңуздар», — деди ал.
Эске салсак, ырчы айым кызыдары менен жол кырсыгына кабылып, учурда бары тең ооруканада дарыланууда.