• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Анжелика: Ортого сөз ташып, үй-бүлө ортосуна жарака кетишине салым кошкон айымды кечирдим

24 Бирдин айы 2018 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.02.2018. Govori.TV.

Ырчы Анжелика буга чейин, жолдошу менен таарынышып жүргөнүн, ажырашуу максатында арыз бергенин айткан эле. Кийин «жолдошумду коркутуу максатында арыз жазгам» деп мындан наркы жашоосу туурасында ачык айткан эмес. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй оюн билдирди.

«Жаңылбас жаак болбойт демекчи, буга чейин «коркутуп койдум, таарынганымдан ажырашууга арыз жазгам» дегем. Баарын убакыт таразалап, өз ордуна коёт деп жашообуздун мурунку калыбына келишине үмүттөнгөм. Бирок бири-бирибизди түшүнө албай калдык көрүнөт. 11 айдан бери кыздарым менен эле турам. Ошого карабай үй-бүлөлүк майрамдарда чогулуп, кыздарыбызды туулган күнү менен куттуктап, келген конокторубузду чогуу узатып жатабыз. Ошол себептен биздин эки бөлөк кеткенибиздин кыздарыбызга эч кандай таасири тийбейт. Мурункудай эле апасынын, атасынын жанында, эч нерседен өксүбөй өсүшөт. Биз канча чогуу жашасак, мен ал күндөргө ыраазымын.

Ортого жаман сөз ташып, үй-бүлө ортосуна жарака кетишине салым кошкон айымды кечирдим. Бир жыл мурун белгилүү инсан менен өзү тарткан сүрөттү мени шылдыңдап элге жайылткан айым, бүгүнкү күнгө чейин мага өчөшкөнүн койбой келет.

Кылган ишине кайсы бир күнү жооп берчү мезгил да келет. Маңдайга жазган тагдырдан эч кимибиз качып кутула албайт окшойбуз. Бузулган жолду жаңыдан куруп алып кетишиме күчүм жетет», — дейт Анжелика.

Количество просмотров: 295