• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Ырчы Анжеликаны кайрадан ким каралап баштады?

8 Үчтүн айы 2018 17:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.17.Govori.TV

Социалдык тармактардын бири болгон инстаграмда сырдуу баракча пайда болуп, ал ырчы Анжелика Бекболиева туурасында негативдүү маалыматтарды жазып сүрөттөрдү жүктөп баштаган.

Тактап айтканда ал баракчада «Анжеликанын сүйүктүүлөрү» деп Марат аттуу жигиттин  жана анын үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жүктөгөн. Мындан сырткары ырчы туурасында жазылган ар кандай терс сөздөр жазылган комментарийлердин скриншотторун да жайгаштырып ырчыны ачык эле каралап баштаган. 

Бул боюнча Govori.TV сайты ырчы менен байланышканда ал: «Муну бирөө атайын  буюрутма менен жасатып жатканы  көрүнүп турат. Бул сүрөткө мындан 5 жыл мурун түшкөм. Анда атайын бизге расмий түрдө гонорар тапшырылган болчу. Бул жерде мен эле эмес башка ырчылар да бар болчу. Мен азыр мындай маалыматтарга убактымды бөлгүм келген жок. Анткени учурда «Бактылуу айым» долбоорум менен башкаларды бактылуу кылууга аракет кылып жүрөм»-дейт ырчы Анжелика.

 

 

 

Количество просмотров: 8