• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Анжиян: Студент окуу жайдын жатаканасында асылган абалда табылды

18 Баш оона 20228:59 Бишкек Govori.TV

Анжиян машина куруу институтунун “логистика” багытынын экинчи курсунун студенти өзүнө-өзү кол салган.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын билдиришинче, 5-августта 23 жаштагы жигит жогорку окуу жайдын жатаканасында түнөгөн, эртеси күнү саат 9:30да ал ажаткананын эшигинде кабелге асылган абалда табылган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалды.

Анжиян прокуратурасы суициддин себебин иликтөөдө жана тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.

Количество просмотров: 167