Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Ноокен райондук соту кылмыш-жаза иши боюнча мурда соттолгон 1973-жылы туулган Ташболотко (аты жөнү өзгөртүлду, Б.Т.Ш) өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
Ал 2018-жылы 28-октябрда Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында мас абалында 66-жаштагы энесин сөгүп, балдак менен сабаган деп айыпталган. Аял ооруканага жеткирилип ошол жерден каза болгон.
Айыпталуучунун айтуусу боюнча, ал күнү спирт ичимдигин ичип, аялынан келип акча талап кылат. Жубайы акча жок деп айтканда алар урушуп кетип, энеси аны балдак менен уруп коет. Ал ачууланып, балдагын тартып алып 2-3 жолу чаап салган. Ал мас абалда болгондуктан кай жерине урганы эсинде жок. Ооруканада апасы баласын кечиргенин айтып, камакка албарын суранган.
Натыйжада сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 8 жыл 6 айга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.