• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апрель баатырлары эскерилди (сүрөт)

7 Чын куран 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Количество просмотров: 209