• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Апрель окуясында курман болгондор эскерилди

7 Чын куран 202414:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-апрелде “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана апрель окуясынын баатырларынын жакындары катышты.

Катышуучулар мемориалга гүл коюп, куран окуп, 7-апрелдеги окуяга арналган “Таазим” музейинин экспонаттары менен таанышты.

Количество просмотров: 173