• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев Апрель революциясына карата кайрылуу жолдоду

7 Чын куран 202510:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгы белгиленүүдө.

Бул күнгө утурлай мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.

«7-апрель өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө күн, жүрөктө өзгөчө сезимдерди ойготот. Зөөкүрлүктү, зомбулукту кабыл албаган элибизге сыймыктануу. Ала-Тоо майданында ошол күнү шейит болгондорго жана жарат алып, кийин көз жумгандарга кайгыруу. Апрель революциясынан кийин Кыргызстан бүтүн дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылып калган. 15 жыл өттү. Бирок, мезгил өткөн сайын мамлекет эркиндик менен жарандар укугун өз эгемендүүлүгүндөй коргоп, сактаганга милдеттүү экендигин абдан так түшүнүп жатабыз. Бул элдин жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарты экендиги талашсыз. Азыркы татаал заманда, бүтүн дүйнө олкуп-толкуп турат. Кыргызстандын жетекчилери региондун коопсуздугу үчүн, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бир топ иштерди жасап жатат. Бирок, бул орчунду маселелердин катарында, а балким алардан да маанилүү орунда — элибиздин эркин рухун, адилеттүүлүккө ишенимин сактап калуу, жарандык коом, саясий күчтөр, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттары менен тил табышуу маселелери туруш керек. Бул иш оңой эмес, бирок, башка жол жок», — деп жазган Атамбаев.

Количество просмотров: 633