• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

7 Чын куран 202510:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналген эстеликке гүлдөр чамбар коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иш чаранын катышуучулары Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

«Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда», — Эдил Байсалов.

2010-жылдагы Апрель революциясы Кыргыз Республикасынын демократиялык жана адилеттүү мамлекет катары өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калды.

Эске салсак, быйылкыга чейин 7-апрель күнү календарда кызыл дата катары белгиленип келген.

2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 100гө жакын киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

Количество просмотров: 167