Бүгүн, 12-февралда Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында «Чындык» аттуу форум өтүп жатат.
Иш-чарага иликтөөчү журналисттер, медиа-эксперттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.
Форумдун соңунда 2023-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.
Иликтөөчү журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 34 жашка чыкмак.