Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.
Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана КР Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.