• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Апрель революциясынын расмий логотиби тандалды

4 Жалган куран 202018:01 Бишкек Govori.TV

2010-жылы өткөн Апрель элдик революциясынын расмий логотиби тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, элдик ыңкылаптын логотибин иштеп чыгуу боюнча министрликтин сынагы жыйынтыкталган.

«Сынакта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаевдин эмгеги жеңүүчү болуп табылды. Логотип революцияга арналган бардык расмий иш чараларда колдонулат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 80