Апта ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды
Апта ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды
12 Аяк оона 2022 15:04 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3672;
автоунаанын тиешелүү документи жок – 205;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;
автоээнбаштык – 6;
жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 646;
ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;
жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;
айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 14;
мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 213.