• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бир аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

24 Жетинин айы 202516:34 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 17-ноябрдан  23-ноябрга чейин 26 миң 210 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 237;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 371;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 201;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 114;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 676;
  • Авто ээнбаштык — 32;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 991;
  • Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу — 9;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 349;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 230 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 94