• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта ичинде аба ырайы тууралуу маалымат

23 Жалган куран 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет Кыргызстандын аймагындагы 27-мартка чейинки болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

23-мартта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-марттарда айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

26-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Количество просмотров: 321