• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Апта ичинде COVID-19дун 12 жаңы учуру аныкталды

13 Бирдин айы 202313:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6-февралдан 12-февралга чейин COVID-19дун 12 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Алардын ичинен жети бейтап ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 43 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 863 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 852 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Количество просмотров: 73