• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Апта жыйынтыгы: Азаттык менен Матраимовдун тиреши. Бей ажал тапкан окуучу

4 Тогуздун айы 2019 20:17 Бишкек Govori.TV

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү
Нарын шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолугушкан. Анда жыйынга келген мугалим алардын айлык-акысы тууралуу кеп козгоп, маяна маселесин карап берүүнү өтүнүп, бийлик өкүлдөрүн такалагандай эле болгон. Мындан көп узабай, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияны жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго бүгүн, 30-сентябрда кол койду. Анын айтымында, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Аларга бала бакча, мектеп жана интернат мугалимдери да кирет.


Матраимовдордун тегерегиндеги фейктер
Азаттыктын оператору Ошто берүү тартып жүргөн учурда Матраимовго катыштыгы бар делген адамдар тарабынан каракталып, техникасын тарттырып ийгени тууралуу аталган агенттик тарабынан айтылган. Ал эми Ош шаардык милициясы иш териштирилип жатканын билдиришкен.
Буга ЖК депутаты Искендер Матраимов жооп кылып Азаттыктын кадамын бет тырмачылык деген.
Бул окуядан соң коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып, ал эми айрым эксперттер бул кадамды сөз эркиндигине болгон кысым катары баалашкан.
Азаттык менен жаралган маселе бүтө электе Матраимовдордун үй бүлөсү дагы эл оозуна алынды. Бул жолку талкуу темасы Матраимовдун жээни 18 жашка чыгышын дүркүрөтө, Бишкектин белгилүү меймаканасында белгилөөсү болду. Туулган күнү тууралуу коомчулуктун сынына жооп кылып Назик билдирүү жазган.
Бирок, ЖК депутаты Матраимов билдирүүнү жээни Назик жазбаганын ал фейк экенин жар салып, саясий иштерге балдарды аралаштырбай эле коелу деген кеңешин берген.
Айтор бул жумада фейк маселеси өтө көп козголду. Алардын арасынан Бакыт Төрөбаев фейктер менен күрөшүү керектигин айтып, керек болсо аларды парламентке чакыралы деп өзгөчөлөндү.


Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучунун өлүмүнүн чоо-жайы
3-октябрда Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып, 5-класстын окуучусу каза болду. Окуучунун сөөгү бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Достук айылында жерге берилди. Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү болгон.

Количество просмотров: 826