• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Апта жыйынтыгы: Чырмалган чек ара чыры. Кыргызстанда аялдар кордолобу же корголобу?

17 Үчтүн айы 2020 20:08 Бишкек Govori.TV

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Буга байланыштуу 14-январда эки тарап жолугуп, узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Чек ара чырын чечиш үчүн бүгүнкү бийлик тажик тарапка жерлерди алмашуу сунуш кылынганын жарыялады.

16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду. Убакыттын өтүшү менен жакындарынан айрылган жаш балдар бой жетип, кыйла чоңоюп калганын көрүүгө болот.

Кеңештин жалпы жыйынында үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча КРдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралды. Анда вице-спикер Аида Касмалиева Ички иштер министринин орун басары Памир Асановго суроолорго так жооп бере албайсыз деп сынга алды.

Кененирээк «Апта жыйынтыгынан» көрө аласыздар…

https://www.youtube.com/watch?v=nb7ZnaHr4q4
Количество просмотров: 238