• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Апта жыйынтыгы: Кечээ тактыда, бүгүн түрмөдө. Өлкөнү көмүскөдө башкарган Илмияновдун тагдыры азыркыларга сабак

1 Жетинин айы 2019 18:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш уран казууга каршы мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Бирок, бул чечим оңой-олтоң кабыл алынган жок.

Акыркы 2 жума ичинде унга болгон баанын көтөрүлүшү кызуу талкуу жаратты. Ошол эле убакта, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын уюштуруп, Кыргызстандагы бардык мугалимдер педагогикалык билимине карабай, 30%га жогорулаган айлык акы ала баштаганын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Бул аптада дагы бир көрүнүктүү окуясы, Бишкектин Октябрь райондук соту «Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 160 миң сомдун тегерегинде айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялады.

Кененирээк «Апта жыйынтыгында»…

Количество просмотров: 198