• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Өкмөттөгү өзгөрүүлөр. Шайлоо босогосун түшүрүүгө жан үрүгөн депутаттар

14 Бирдин айы 2020 19:16 Бишкек Govori.TV
https://youtu.be/wFNr0wOBIlo

Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынын өткөргөн. Жыйында  өлкө башчы бир катар аткаминерлердин ишин сынга алып нааразы болду.

Бул аптада  коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков үй бүлөөлүк себептеринен улам кызматтан кетти. Анын ордуна дароо өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров дайындалды. Ал жооптуу болгон тармактар чектелип, чек ара маселелери боюнча гана вице-премьер болору белгилүү болду.

Ал арада Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук уктуруу башталды. Соттук процесске мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2 жактоочу жана бир нече жансакчылары менен келгенин көрүүгө болот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда парламентке шайлоо үчүн тогуз пайыздык чекти жети пайызга түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат.

Кененирээк «Апта жыйынтыгынан» көрө аласыз!

Количество просмотров: 266