Жогорку Кеңештин комитети Кой-Ташта экс-президенттин үйүндө болгон тополоң окуяларды дээрлик төрт ай иликтеген Мамлекеттик комиссиянын корутундусун эч бир суроосуз жактырып, жалпы жыйынга алып чыгууну колдоду. Бирок, Комиссиянын айрым мүчөлөрү корутунда күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө өзгөчө пикирде болду…
Жогорку Кеңеш Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун кабыл алды. Анда жоопкерчилик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мойнунда экени айтылат…
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Бул туурасында кеп көтөргөн Парламент депутаты Жанарбек Акаев үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады. Ал эми бүгүн Матраимовдордун жактоочусу маалымат жыйын уюштурду…
Кененирээк «Апта жыйынтыгынан» көрө аласыздар!