• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Апта жыйынтыгы: Мыйзамсыздыкка түрткөн шайлоо шааниси. Президент депутаттарга багыт берди

21 Бирдин айы 2020 20:12 Бишкек Govori.TV

Бул аптада жазында шайлоо өтө турган шаарларда каттоого тургандар көбөйгөнү тууралуу маалымат талкуу жаратты.Башкы прокуратура шаардык кеңештерге болуучу шайлоого карата Ошто массалык каттоо боюнча мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Анда каттоо кызматынын өкүлдөрү жарандарды үй ээлеринин айрымдарынын уруксаты жок каттоого коюшкан жана керектүү документтери жок эле ишке ашырганы аныкталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы өз сөзүндө бир катар маанилүү маселелерге токтолуп, алдыда келе жаткан шайлоодогу босого чек тууралуу пикирин билдирди.

Апта башы Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг менен башталды. Чогулгандар Өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышты.

Кененирээк «Апта жыйынтыгынан» көрө аласыздар…

Количество просмотров: 101