• Жума 15 Жетинин айы 2019

Апта жыйынтыгы: Текебаевди чарчаткан соттордун Атамбаевге алы жетеби?

18 октября 2019 в 20:17 Бишкек Govori.TV

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулуусу боюнча соттук алдын ала угуулар болуп өттү, бирок бул иште шектүү катары өтүп жаткан негизги айыпталуучулардын бири мурунку президент Алмазбек Атамбаев бир эмес үч жолу сотко келүүдөн баш тарткан.

Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жаткан соттук отурумда пикир келишпестиктер жаралды.

Ал арада коррупция маселеси кайрадан жанданды. Айта кетсек, кечээ жакында Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары кызматына туура бир жыл мурун дайындалган кызматкер пара алууга шектелип кармалса, жемкорлукка айыпталып, кармалган аткаминерлер үй камагына чыгып жетишти.

Количество просмотров: 322