• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Жалпы сөз, такталбаган чек ара чыры

27 Теке 2019 0:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу эки мамлекет башчысы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун  жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда эки мамлекет башчылары элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты, кылымдардан берки достукту сактоо маанилүү экенин белгилешти.

Тараптардын чек арадагы бардык кыйынчылыктарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө даяр экендигин  билдирди. Эми кыргыз-тажик мамлекет башчыларынын өзөктүү сүйлөшүүлөрү Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

Количество просмотров: 34