• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта жыйынтыгы: Жээнбеков менен Текебаев бетме бет кезигишет. Президенттин убактылуу өкмөткө эмне иши бар?

13 Аяк оона 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Аптанын башында убактылуу өкмөт мүчөлөрү жанданды. Алар 2016-жылдан бери алгачкы жолу чогулуш өткөрүштү. Көп өтпөй убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияга чакыргандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Govori.TVга” Азимбек Бекназаров билдирди.
Ал эми кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырды депутат Рыскелди Момбеков Өкмөттүн чекилиги деп сыпаттап, бул багытта өкмөт чечкиндүү иш алып бара албай жатканын кошумчалады.
Аптанын дагы бир жаңылгы Билим берүү жана илим министри болуп Каныбек Исаков дайындалды. Парламенттин жалпы жайынында Исаковду эл өкүлдөрү сынынан өтүп, бир топ буролорго жооп берди. Ал эми депутат Алтынбек Сулаймановдун Исаковго берген латын алфавитине өтүү тууралуу суроосу коомчулуктун талкуусуна түштү.
Кененирээк «Апта жыйынтыгында»…

Количество просмотров: 92