Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.
Учурда Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Арзу» кафесинде чыккан өрттүн себеби такталып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес.
Кафедеги өрт 2-сентябрда таңга жуук саат 04:30да толук өчүрүлгөн. Өрттөн кафенин болжол менен 2000 чарчы метр аянты күйүп кетти. Чыгымдар тактала элек.
«Арзу» кафесинин имараты күйүп жатканы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 1-сентябрда саат 21:09 чамасында жеткен.
https://www.facebook.com/100002069198298/posts/1892814354130853/