• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Арал – Казарман унаа жолуна таш кулады

24 Үчтүн айы 202512:35 Бишкек Govori.TV

Арал – Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланды. Учурда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал –Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында жааган кардан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун бир тилкесин жаап калган.

№ 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таштар тез арада тазаланып, каттам камсыздалды.

Количество просмотров: 290