• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

31-октябрга чейин Боомдогу кооптуу таштар түшүрүлөт

17 Тогуздун айы 202517:54 Бишкек Govori.TV

20-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол инспекторлору тарабынан жол убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар үчүн бир тилке ачык болот.

Ишкана жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды ишти түшүнүү менен кабыл алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 134