• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аламүдүн районунда таш кулап жети Казакстандык турист жабыркады

30 Теке 2018 19:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV.
Аламүдүн районуна караштуу Скрябин мөңгүсүнөн таш кулап жети турист жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркаган туристер Казакстандын жарандары. Окуя бүгүн, 30-июлда саат 13.00дөр чамасында болгон.Туристтер мөңгүгө чыгып баратканда таш кулап, бардыгы жабыркаган.
«Аларды эвакуациялоо үчүн ӨКМ тарабынан Казакстандын ИИМ жетекчилигине кат жолдонду. Тик учак 31-июль күнү эртең менен эрте туристтер калган жерге уча турган болду. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Количество просмотров: 22