• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Араванда акимден коронавирус аныкталды. Ал Президент менен жолугушкан…

19 Кулжа 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчылыгы жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Маалыматка ылайык, Аравандын акими коронавирус жуктуруп алганын 18-июнда билген. Бул администрацияда иштегендерден анализ алынган. Учурда аким изоляцияда.

Белгилей кетсек, вирус жуктурган Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев 11-июнда аталган аймакка иш сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн. Ал эми Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы иш сапардан кийин тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын билдирет.

Количество просмотров: 1440