• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Араванда 2 миң долларлык короздордун беттеши өттү (видео)

10 Үчтүн айы 2019 15:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Араван районуна караштуу Чек-Абад, Төбө-Коргон, Ленин айылдарында жумасына эки күн короздордун мелдеши өткөрүлөт. Бул мелдештерге катышуучулар өлкөнүн облус-райондорунан жана Өзбекстандан да келишет. Бул жолу мелдеш Чек-Абад айылында уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы

Өзбекстандын Андижан облусунун Мархамат районуна караштуу Карабагыш айылынын 38 жаштагы тургуну Махмуд Мамасалиев 7 килограммдык 2 короз алып келген. Анын айтымында, короз таптоочуларды «парваз» деп атап коюшат.

«Менин 100 корозум бар. Алардын жумурткаларын, жөжөлөрүн Кореядан алып келгем. Жумурткасын жана жөжөсүн 200 доллардан сатып алгам. Чоң короздор 2 миң долларга чейин бааланат. Аларды жөжө кезинен эле мушташууга үйрөтөбүз. 8-9 ай болгондо чоң мелдештерге түшүп баштайт. Түлөк жана жөжө короздор деп экиге бөлүнөт. Түлөктөр чоң короздор болсо, 1 жашка жете электери жөжө короздор. Алардын корей, азир, аралаш, шамо, филиппин деген түрлөрү болот. Багуусу жакшы болсо 7-8 жылга чейин жашашат. Короздорумду атайын «парваздарга» эмгек акы төлөп бактырам. Бир күндө ар бир короз 100-200 граммга чейин эт жейт. Күн карама, мисте, жаңгак, бышырылган жумуртка менен багабыз», — деди Махмуд Мамасалиев.

Чек-Абад айылынын 51 жаштагы тургуну Равшан Намуратов короздун мелдеши үчүн атайын жер даярдаган. Анын айтымында, короз урушка кызыккандар көп. Көрүүчүлөрдүн саны 300-400 адамга чейин жетет.

«Бул жерди иштетип жатканыма 4 жыл болуп калды. Өзүм да короз уруштурганга жана аларды бакканга кызыгам. Учурда 6 корозум бар. Буга кызыккандар көп, чоң оюн болгондо 300-400 адам келип, батпай калышат. Бул жерди кеңейтүүнү ойлоп жатам. Оюндар көбүнчө кыш мезгилинде уюштурулат. Мелдешке 50 корозду алып келишет. Чоң оюндарда кой, сыналгы, чайнек сыяктуу байгелер коюлат.

Мушташка чыккан короздордун салмагы, бою, жашы тең болушу керек. Бири-бирине тең келгенде гана мушташка чыгарылат. Короздорду 10-раундга чейин мушташтырышат. Жеңилип калган короз башын жерге салып, мушташпай коёт. Ошондо оюн жыйынтыкталып, жеңүүчү короз аныкталат. 50 миң сомго чейин акчалай байге уткандар болот. Короздорду оюнга чейин жакшылап машыктырып, багып тапташат», — деди Равшан Нурматов.

Булак: “Turmush”

Количество просмотров: 40