• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Араванда айыл өкмөт башчы кармалды

23 Бугу 2023 15:18 Бишкек Govori.TV

Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

» Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 млн. сомду түзгөндүгү аныкталган. 2023-жылдын 17-майында аталган кылмыш иштин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. кармалган жана Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 85