• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Аравандагы суу сактагычтан 3 метрлик өлүк жылан табылды

29 Үчтүн айы 201915:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек 29.01.2019. Govori.Tv

https://static.bulbul.kg/mp4/4/59974.9c88ca0a09b0b9485f716bf9375a3aa4.360.mp4

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Жеке-Мисте айылынын Өзбекстан менен чектешкен аймагында, тактап айтканда Кемпир-Абад суу сактагычынан узундугу 3 метр жылан табылды.

Айылдын ветеринары Маматирайым Тажибаевдин айтымында, жылан Өзбекстандан агып келиши мүмкүн.

«Эки күн мурун айылдын тургундары суу сактагычтан узуну 3 метр, жоондугу 30-35 сантиметрге жеткен өлүк питонду кармап келишиптир. Өзбекстанда бирөө багып жүрүп, өлүп калган соң каналга ыргытып жиберген деп божомолдоп жатабыз», — деди ветеринар.

Ал эми жыланды таап алган айыл тургундары маалымат берүүдөн баш тартып, аны сууга агызып жиберишкенин айтышты.
https://www.turmush.kg/news:359028?from=akipress-android&fbclid=IwAR3nh_XV6u4UjeY0eUvesdFGBEHrGBX5TakobEbI7T7NSMDVGKXAPJYbDiI

Количество просмотров: 49