• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын апасы үй камагына чыкты

22 Жетинин айы 2023 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук соту «Арча-Бешик» конушунда жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткен эненин баш коргоо чарасы каралып, ал абактан чыкты. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаш келин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, 19-ноябрь күнү саат 102 кызматына Арча-Бешик конушунда жеке үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан желим баштыкка оролуп коробкага салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки тергөө иштери башталып, милиция кызматкерлери 2003-жылы туулган баланын апасы С.Ж.ны РИИБдин тергөө кызматына алып келишкен.

Количество просмотров: 92