• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Желим баштыкка ороп койгон». Көчөгө ташталган ымыркайдын абалы айтылды

20 Жетинин айы 202310:13 Бишкек Govori.TV

Көчөдөн табылган ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Govori.TVга  Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

«Баланы милиция кызматкерлери болжол менен 23:00 чамаларында алып келишти. Учурда 2- төрөт үйүндө. Баланы желим баштыкка ороп, кутучага салып койгон экен. Ай күнүнө жетип төрөлгөн эркек бала. Учурда ымыркайдын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деди ал.

Эске салсак, Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 1712