Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келингенинен улам көйгөй жаратып жаткан Абхазиянын, Армениянын жана Россиянын номуру менен жүргөн унааларга байланыштуу жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, адегенде документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Андан кийин документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Андан тышкары документи жок унааны башка максатта пайдаланууга — тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Эми ушул жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алып, бул ишти алты айдын ичинде ишке ашырууга милдеттүү болот.