Жапаров шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Жапаров шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
4 Кулжа 202612:27 Бишкек Govori.TV
Президент Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына кол койду.
Жарлыктын максаты — шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат.
Жарлык менен төмөнкүлөр каралууда:
шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктоо;
Министрлер кабинетине Кыргыз шахмат союзу менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүүгө киргизүү тапшырмасы;
Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү;
Кыргыз шахмат союзуна эки жумалык мөөнөттө Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондунун уставын иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү тапшырмасы;
Кыргыз Республикасындагы 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3–5-класстардын окуучулары, билим алуучулары үчүн шахмат ийримдеринде кошумча билим берүү — «Мектептердеги шахмат» долбоорун пилоттук режимде киргизүү;
Агартуу министрлигине төмөнкүдөй тапшырмалар:
— пилоттук долбоордун катышуучулары — 500 жалпы билим берүү уюмунун тизмегин бекитсин;
— 3–5-класстардын окуучуларына шахмат ийримдери үчүн кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
— шахмат ийримдерин жүргүзүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылсын;
— пилоттук долбоордун натыйжаларына 10 ай өткөндөн кийин мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурсун;
жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз шахмат союзунун сунушу менен тапшырылуучу «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген Кыргыз Республикасынын президентинин атайын сыйлыктарынын уюштурулуусу.