Президент Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду президенттин өзгөчө тапшырмалар — санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү кылып дайындады. Бул тууратуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров кол койгон жарлыктын максаты улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу экени айтылды.
Санкциялык маселелер боюнча президенттин өкүлү чектөөгө байланыштуу эл аралык талапты сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу иштерин алып барат.