• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Армения парламенти Пашиняндын тилегин таш каптырды

2 Бугу 2018 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV

Армениянын Улуттук жыйыны(парламенти) кечээ оппзициялык блоктун жалгыз талапкери Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайлаган жок.  8, 5 жарым саатка созулган шайлоонун жыйынтыгында залдагы 103 депутаттын 45и ага макулдук берсе, 53 депутат каршы чыккан. Эки депутат добуш берүүгө келбей, дагы эки депутат добуш берүүдөн баш тарткан. Ал турсун “Дашнакцутюн» партиясынын бир депутаты эгер каршылык кыймылынын өкүлүнө бийлик өтүп кете турган болсо “өлкөнү тобокелдикке калтырганы” үчүн мандатынан баш тартаарын жарыя кылган.

Эми мыйзамга ылайык, экинчи ирээт премьерди шайлоо 8-майда болмокчу. Анда да  Өкмөт башчыны шайлай алышпаса, анда Улуттук жыйын таркап кетүүгө аргасыз болот.

Ал эми шайлоо процессине келсек, талапкер Никол Пашинян кесиптештерине ийкемдүү боло албай, Еревандын көчөлөрүндөгү жүз миңдеген каршылык кыймылына таяндыбы, үнүн көтөрүп, залдагы көпчүлүк коалциянын депутаттарына “силердин бийлигиңер бүттү, силер эми оппозиция болсоңор болот” дегендей ишарат кылган.

Ошондуктан ал компромистик сүйлөшүүлөргө барбай, ультуматум мүнөзүндөгү мамилеси менен парламенттен колдоо таппай, кайра көчөдөгү митингчилерге барып кошулду.

Количество просмотров: 15