• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Армения жана Азербайжандын чек арасында атышуу болду

12 Чын куран 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

11-апрелде Армения жана Азербайжандын чек арасында атышуу болду. Эки тарап тең каза тапкандар жана жабыркагандар бар экенин кабарлашты.

Армениянын Коргоо министрлиги атышуу Сюник облусундагы Тех айлынын айланасында болгонун маалымдады.

«11-апрелде саат 16:00 чамасында Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Тех жамаатынын аймагында инженердик-техникалык иштерди жүргүзүп жаткан Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Армян тарап жооп кайтарган», — деди министрлик. Армян тараптын маалыматы боюнча аскерлеринин арасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү Лачин районунда азери армиясынын позицияларын аткылаганын билдирди.

«Тех айылы тарабынан тынбай аткылашты. Азербайжан армиясынын бөлүктөрү адекваттуу жооп кайтарды. Азербайжан тарапта өлгөндөр жана жарадар болгондор бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Былтыр сентябрда чек арадагы кагылышууда эки тараптан 300дөй аскер окко учкан.

Количество просмотров: 178