• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арменияда куралдуу көтөрүлүш менен бийликти басып алуу аракети болгон

18 Аяк оона 202415:26 Бишкек Govori.TV

Арменияда куралдуу көтөрүлүш менен бийликти басып алуу аракети болгонун, ага Армения менен Тоолуу Карабахтын бир топ жарандары катышкандыгын Тергөө комитети кабарлады.

Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жети адамдын ким экендиктерин аныктай алышкан. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, аларга айына 220 миң рублга Орусияда үч айлык стажировкадан өтүү сунушталган. Бул убакыттын ичинде алар оор куралдарды колдонуу менен машыгуу өтүшмөк. Мындан кийин, Армениянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, алар өлкөгө кайтып келгенден кийин күжүрмөн кызмат өтөшү керек болчу. 2024-жылы алар Армениянын бир катар жарандарын жана Тоолуу Карабахтын мурдагы тургундарын өз катарларына тартышкан.

«Алар ар кандай топтор менен Россиядагы Ростов-на-Дону шаарына барышкан. Андан кийин Россиядагы шериктери башка жакка которулуп, ал жерден алар алдын ала текшерүүдөн, анын ичинде полиграфтан да өтүшүп, жеке мүнөздөрү менен саясий көз караштары аныкталып, ошондой эле алардын Армениянын укук коргоо органдарындагы байланыштары да текшерилген” – деп билдирет Армениянын Тергөө комитети.

Бул топко алардын машыгуусунун максаты – Арменияга кайтып келип, учурдагы бийликти кулатуу керектигин билдиришкен, муну менен “Армения Республикасын сактап калууга жана тазалоого чакырык” жасашмак. Армениянын күч органдарынын атайын операциянын натыйжасында жети адам кармалып, үчөө камалып, дагы төртөөнө издөө жарыяланды.

Количество просмотров: 124