• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Армениянын премьер-министри Саргсяндын тагдыры Атамбаевге сабак болчудай

28 Чын куран 2018 21:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.04.2018.Govori.TV. 

Арменияда президенттик такта 10 жылдан ашуун отуруп, андан кетээри менен кайра эле премьер-министрликке келип алган Серж Саргсян 11 күндүк ири каршылык акциялардан кийин кызматын тапшырып кетүүгө аргасыз болду. Ушинтип армян эли бир адам аркылуу бийликти узурпациялоого каршы катуу турду.

Биздин кыргыз элибиз дагы бир адамдын чексиз бийлиги, ач көздүк, жутунуп-жулунуп бийликтен кетпеген башчыларды бөркүндөй жаман көрүшөт. Кыргыздын эркиндикти сүйгөн мүнөзүнөн улам эки президент мамлекеттен айдалды.

Саргсяндын саясий карьерасы экс-президент Атамбаевге сабак болчудай. Атамбаев 6 жылдан ашуун бийликте отура албасын, кыргыз эли буга жол бербей турганын түшүнүп, президенттиктен кетсем да, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аркылуу Кыргызстанды башкара берем деп ойлогон. Ал референдум өткөргөнү менен өлкөнү толугу менен парламенттик кылууга дити жетпеди. Анда да бийликти ыраа көрбөй, кайра эптеп кайтып келүүнүн айла-амалын издеп жатат. Бирок кыргыз коомчулугу эки баштуу башкарууга жол бербейт, Жээнбековду каалагандай калчайм деген пландары ишке ашпай калды.

Бир-эки жыл экс-президент статусун жана кадырын сактап, аталык кеңешин берип, бийиктен карап, түздөп турушу керек эле. Эл Атамбаевдин мындай кыймылдарын бийликтен кеткиси келбей, тырмышып жатканы менен байланыштырууда.
Мындан ары анын пландары кандай – өкмөт башчы болгусу келип жатабы, же спикерби, же төңкөрүш кыла коюп кайра президенттик такка отургусу келип жатабы – аны жалгыз Атамбаев жана бир Кудай өзү билет дечи, бирок сыйы менен бийликтен кетүү, кызматты ичти оорутпай өткөрүп берүү абдан маанилүү экенин түшүнүү керек. Антпесе, тактыга тырмышкандардын тагдыры кандай болоорун Саргсяндын тагдыры далилдеди.

Алмазбек Кыдырмышев.

«Жеке пикир» рубликасында жайгашкан материалдар үчүн редакция жоопкерчиликти албайт. 

Количество просмотров: 37