Чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Армения жана Абхазиядан ташып келинген унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, «Унаа» мекемесинин мурдагы кызматкерлери тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок унааларды каттоого алуу, ошондой эле унааларды үчүнчү жактарга кайра сатуу схемасын уюштурушкан.
«2025-жылдын февралына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде иштеген А.Ш.Т. жана О.у.Т. акча үчүн Армения жана Абхазиядан тиешелүү документтери жок алып келинген транспорт каражаттарын каттоону сунушташкан. Алар Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык жетекчилерине пара беришкен. 30-майда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине 8800 доллар пара берип жаткан жеринен кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.З. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, учурда республикалык бюджетке жана башка тиешеси бар адамдарга келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.
Эске салсак, чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Аларга 10-региондун номери берилип, үчүнчү жактарга сатууга тыюу салынган.