Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдына Арстан Алайдын тарапташтары нааразычылык акция уюштуруп жатышат.
Алар «Сандаган депутаттардын сөзүнө, ишине караганда, ааламдан буйруган Арстан Алайдын ою артык» деген жазууларды көтөрүп турганын көрүүгө болот.
«Баш мыйзам кыргыздын идеологиясына жараша өзгөрүшү керек»,-деди акциянын катышуучусу.
Белгилей кетсек, ушул тапта Ак Үйдүн алдында Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүп жатат.