• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Арстан Алайга карата ачылган кылмыш иши токтотулду

21 Бирдин айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевге карата жазык териштирүүcү токтотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында каралган иште кылмыштын белгилери жок экени аныкталып, сотко өткөн эмес.

«Тергөөдө кылмыштын эч кандай белгилери жок экени көрүндү. Эң негизги белги — агрессия. Ал эми анын сөздөрүндө агрессия жок», — дейт жактоочу.

Эске салсак, Арстанбек Абдылдаевдин «мен Кудаймын» деген сөзү атайын экспертизага берилип, милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козголгон.

Количество просмотров: 202