Бүгүн, 9-апрелде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевердин иши боюнча соттук отурум жабык өтүп жатат. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, сотто шектүүлөрдүн адвокаттарынын кылмыш ишиндеги айрым далилдерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү каралып жатат. Ал эми отурумга жактоочуларынан башка эч ким киргизилген эмес. себеби ишке “жашыруун” делген гриф коюлган.
Адвокаттардын бул өтүнүчү буга чейин Свердлов райондук сотунда каралып, четке кагылган. Адвокаттар шаардык сотко даттанган.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.