• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Транспорт министрлигинде 567 млн. сомдук товар жетишсиздиги аныкталган. Иш козголду

6 Жалган куран 202518:05 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммунициялар министрлигинде товардык-материалдык жетишсиздиктер, аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан Транспорт министрлигинин жооптуу сактоосунда турган мобилизациялык резервиндеги 567 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган.

Бул факты Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 276